Кыргызстанда автомектептерди лицензиялоого 2 жылдык мораторий киргизилдиСтатистика. 75 жаштан ашкан 9 кыргызстандык биринчи жолу баш коштуТаалайбек Ибраев Дүйнөлүк банкка Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорунун учурдагы абалы тууралуу маалымат бердиБШК парламенттик шайлоону өткөрүүгө 700 млн сом жушмайтАк-Ордо конушундагы эки адамдын өлүмүнө шектүү качуу аракети учурунда каза болгон — Феликс КуловКазакстандык авиакомпания Бишкек – Астана багытында түз каттам ачууда
Акылбек Жапаров Төө-Ашууга байкоочу аянтча курууну тапшырды
19.10.2023 | 23:01
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Төө-Ашуу ашуусундагы К. Көлбаев атындагы тоннелдин абалы менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Таанышуу учурунда Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде бул ашуудан өткөн айдоочулар жана туристтер үчүн тийиштүү шарттарды жана эс алуу жайларын түзүү.
Мындан тышкары, анын туристтик потенциалын жакшыртуу максатында министрлер кабинетинин төрагасы ашуунун аймагында туристтер жана республиканын тургундары үчүн байкоочу аянтчасын курууну тапшырды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар