Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Көзү азиз жөө күлүк Абдувалиев Пара Азия оюндарындагы экинчи күмүш байгесин утту
25.10.2023 | 16:03
Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Пара Азия оюндарында кыргызстандык көзү азиз жөө күлүк Жалалидин Абдувалиев экинчи ирет күмүш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, мындан мурдараак 5 чакырым аралыктагы жарышта Абдувалиев 2-орунду ээлеп, күмүш байге уткан.
Андан кийин ал 1,5 чакырым аралыктагы жарышка катышкан. Аталган аралыкты 4 мүнөт 30 секундда чуркап өткөн жөө күлүк Кытайдагы Пара Азия оюндарындагы экинчи күмүш медалын уткан. Бул жарышта Артем Шапилов анын коштоочусу болгон.
Эскерте кетсек, аталган мелдеш 20-октябрда башталган, 30-октябрда жыйынтыкталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз