Онкологияда дарыланып жаткан балдарга китеп окуу акциясы өтүүдө

Онкологияда дарыланып жаткан балдарга китеп окуу акциясы өтүүдө

Улуттук эне баланы коргоо борборунун алдындагы госпиталдык мектепте теле жана радио алып баруучу Айгүл Курманова «Жылдыздар китеп окуйт» акциясынын алкагында балдарга кызыктуу жомок окуп берди. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунан билдиришти.

Айгүл Курманова балдарга китеп алардын өнүгүүсүнө таасирин айтып, көп окууга чакырды.

Жаш бейтаптардын ата-энелери балдарына жомок угуу, баарлашуу, сүйүү жана камкордукту сезүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти,

«Жылдыздар китеп окуйт» акциясынын миссиясы өзгөрүүсүз калууда — балдарга китеп окуу маданиятын жайылтуу жана окуп берген чоңдордун санын көбөйтүү. Балдарга китеп окуу алардын Китеп дүйнөсүнө аралашуусуна гана жардам бербестен, алардын окууга болгон сүйүүсүн арттырат.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду калоочуларды акцияга кошулуп балдарга китеп окууга чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>