Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо боюнча үч долбоор каралды

26.10.2023 | 21:25

Бүгүн, 26-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралып, колдоого алынды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Алардын ичинде:

– «2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө»;

– «2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө»;

– «2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча техникалык гранттык жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу».

Аталган мыйзам долбоорлору жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүүгө, тактап айтканда Суусамыр-Талас-Тараз жолун жакшыртууга багытталган. Долбоордун жалпы баасы 105,2 млн АКШ долларын түзөт. Ислам өнүктүрүү банкы Араб координациялык тобунун курамында 25 жылдык мөөнөт менен, анын ичинде 7 жылдык жеңилдетилген тартипте 50 млн АКШ доллар өлчөмүндө кредиттик каражаттарды берет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top