Жалал-Абадга жаңы автобустар жана кызматтык унаалар тапшырылды

Жалал-Абадга жаңы автобустар жана кызматтык унаалар тапшырылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарына жаңы автобустарды жана автоунааларды тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт паркы 50 жаңы автобус менен жаңыланды, алар жакын арада линияга чыгат, ошондой эле облустук ички иштер башкармалыгынын жана соттун автопарктары кызматкерлердин ыкчам жана натыйжалуу иштеши үчүн жаңы унаалар менен толукталды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүн жалпы Жалал-Абад облусу үчүн маанилүү күндөрдүн бири — облустун борбору болгон Жалал-Абад шаарынын түптөлгөнүнө туура 146 жыл болгонун белгиледи.

Ал шаар күнүн өлкөнүн мамлекеттик туусун Аюб-Тоонун бооруна 50 метр бийиктикке көтөрүү менен башталганын баса белгиледи, бул жөрөлгө — шаар калкына дем болуп, маанайын көтөрүп, шаар меймандарынын кызыгуусун арттырат, деген тилек болду.

“Биз өлкө борборунан тарта жети дубандын ири шаарларын шаар макамына жооп бергидей деңгээлге жеткиребиз деген максатты көздөөдөбүз. Шаар борборлоруна агылып келген эл шаар маданияты менен түздөнүп, шаар көркү менен сыймыктана тургандай деңгээлге чыгаралы деген илгери үмүтүбүз зор. Буга чейинки сапарымда Жалал-Абад шаарын көрүнүктүү экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилгенин айткан элем. Анын алкагында 2 млрд сом акча каражатын бөлүнгөндүгүнөн да кабарыңыздар бар. Өзүңүздөр күбө болуп жаткандай, мындай чоң суммадагы каражат бөлүү менен шаарыңыздарда бир топ өзгөрүүлөр, бир нече жаңы курулуштар жүрүп жатат. Шаардын ички жолдору оңдоп-түзөөдөн өтүп, элибизге ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканына баарыбыз күбөбүз”, — деди президент.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров бүгүнкү майрамдын урматына шаар калкы үчүн өлкөнүн министрлер кабинетинен 50 даана жаңы автобус берилгенин билдирди. Шаардыктар жаңы, ыңгайлуу, конфорттуу автобустар менен каттап, өнүгүүгө бет алган багытыбызды сезгендей болуусу кажет.

Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуу автобазасынын техникалык паркы 2012-жылдан бери жаңылана электигин айтып, мамлекет башчысы убакыттын өтүшү менен автопарктагы автобустардын дээрлик бардыгы жарактан чыгып, колдонууга мүмкүн болбой калганын белгиледи.

“Биз коомдук транспорттор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө терең мааниге ээ экенин эске алуу менен бул жылы жүз миңдеген шаар тургундарынын күн сайын керектөөсүнө айланган коомдук транспортторду жаңылоого белсендик. Эми жаңы автобустар шаар тургундарынын түйшүгүн жеңилдетүү менен бирге жергиликтүү казынага да киреше алып келе баштайт. Жалал-Абад шаарындагы дээрлик бардык борбордук көчөлөр оңдоп-түзөлүп, автобустардын калаа жолдорунда ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзүлдү”, — деп билдирди президент.

Ошону менен бирге ал бүгүнкү иш-чаранын алкагында облустук сот жана ички иштер башкармалыгына да атайын техника тапшырыларын айтты. Кайсыл гана тармак болбосун, алардан жетишкендиктерди талап кылуудан мурда, ал тармактарга алгач мамлекет шарт түзүп бериши керек.

Мамлекет башчысы Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын укуктары менен коопсуздугу тиешелүү деңгээлде камсыздалат деген ишенимин билдирди.

Сөзүнүн соңунда президент Садыр Жапаров дагы бир жолу шаардыктарды шаар күнү менен куттуктап, Жалал-Абад облусунун борборуна гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>