Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
Суучулдар Ысык-Көлдү 22,5 тонна таштанды жана 162,3 км тордон тазалады
17.11.2023 | 10:54
Быйыл март айынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдү 22 тонна 506 кг таштандыдан жана 162,3 чакырым тордон тазалады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Суучулдар күндүн сууктаганына карабай көлдү тазалоо иштерин улантып, 13-14-ноябрда Түп районунун Ой-Тал, Кутургу айылдарынын тушунда жана Николаев булуңунда суудан таштандыларды, эски жана жаңы салынган торлорду алып чыгышкан. Торго түшүп калган балыктар сууга кайра кое берилген.
ӨКМдин кызматкерлери март айынан бери Ысык-Көлдүн 387 миң 614,63 гектар жерин таштанды жана тордон тазалашкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом