Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Садыр Жапаров Япониянын императору менен жолукту
17.11.2023 | 10:00
Японияда расмий сапар менен жүргөн президент Садыр Жапаров Токиодогу Император сарайына өлкөнүн императору жана анын жубайы менен жолугууга барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Сарайдын алдында Садыр Жапаров менен анын жубайы Айгүл Жапарованы император Нарухито жана императрица Масако тосуп алды.
Учурашуудан кийин президент Садыр Жапаров, Айгүл Жапарова Япониянын императору жана императрицасы менен бирге сүйлөшүүлөр залына өтүштү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом