Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Кыргызстандын аймактарында 1700 дарыгер жетишсиз, – министр
04.12.2023 | 22:26
Кыргызстандын аймактарында 1700 дарыгер жетишсиз. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, “Дарыгердин депозити” долбоорунун алкагында жаш дарыгерлер иштеп, 30 миң сомго жакын маяна алышат.
“Аймактарга бир-эки айга дарыгерлер жөнөтүлүп турат жана мобилдик клиника дагы жиберилет. Ушундай жол менен медициналык жардам көрсөтүлүп, тартыштык жоюлат”, – деди министр.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда мамлекеттик медициналык мекемелерде иштеген жогорку билимдүү медициналык адистердин жалпы саны 13 миңдин тегерегинде.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар