Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
4 тигүүчү машинаны ижарага алып сатып жиберген аял кармалды
05.12.2023 | 17:06
4 тигүүчү машинаны алып акчасын төлөбөй качып кеткен 30 жаштагы А.Ф. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, 11 октябрь күнү А.Ф. Арча- Бешик конушунун тургунун ишенимине кирип, 124 миң сом эсебиндеги тигүүчү машиналарын алып кеткен.
Ал аны кийин сатып алмай болгон. Бирок көп өтпөй машиналарды 49 миңге сатып жибергени аныкталат.
Аялга карата алдамчылык айыбы менен иш козголуп, ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом