Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Эки жашар баласын өлтүрүүгө шектелген аялдын иши сотко өттү
05.12.2023 | 17:32
Аламүдүн районунун «Көк-Жар» жаңы конушунда эки жашар баланын өлүмү боюнча иш сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы ырастады.
Алардын айтымында, адам өлтүрүүгө шектелген жарандын экөө тең учурда тергөө абагында камоодо.
Айрым маалыматтарга караганда, аялдын психикалык жактан жабыркаганы аныкталды.
Эскерте кетсек, 28-сентябрь күнү, «Көк-Жар» жаңы конушунда 2021-жылы туулган С.А. ысымдуу бала белгисиз себептерден улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшөт. Текшерүү учурунда баланын денесинен ур-токмоктон пайда болгон көк-ала тактар аныкталган. Кылмышка баланын 22 жаштагы апасы менен анын жарандык никедеги 27 жаштагы күйөөсү шектелип кармалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз