Жаңыдан курула турган мектептердин катарына Жети-Өгүз жана Тоң районунан бир дагы окуу жай кирген жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев билдирди.
Анын айтымында, эки райондо ававриялык абалда турган мектептер арбын.
«Жети-Өгүздө бир мектеп дүкөндө жайгашкан. Ал эми Тоңдо балдар 1932-жылы курулган имаратта окушат. Эмнеге «Кумтөр» жайгашкан райондо бир дагы жаңы мектеп курулбайт? Өлкө боюнча 40 окуу жай кириптир», — деди эл өкүлү.
Депутат Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаровго кайрылып, тизмени кайра карап чыгууну сунуштады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз