Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Бишкекте тургундан $22 миң алып, алдап кеткен шектүү кармалды
15.12.2023 | 17:13
Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-ноябрда милицияга М.А. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 2021-жылы январда А. аттуу адам “Дубайда эт азыктарын саткан биргелешкен бизнес ачабыз” деп 22 миң доллар алып, алдап кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 36 жаштагы И.А. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.