Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Кыргызстандык спортчулар Катар Гран-присинде байгелерди утушту
15.12.2023 | 18:55
Кыргызстандык спортчулар Доха шаарында (Катар) өткөн гран-при сериясындагы турнирде медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бекдөөлөт Расулбеков эл аралык турнирде алтын жана күмүш медаль тагынды. 109 килограммга чейинки салмакта жулкуп көтөрүүдө 162 килограммды, түртүп көтөрүүдө 219 килограммды көтөрдү.
Турнирдин коло медалын 67 килограммга чейинки салмак ченинде Ишенбек Муратбек уулу түртүп көтөрүүдө 164 килограммдык жыйынтык көрсөтүп, жеңип алды.
Белгилей кетсек, турнир 4-декабрда башталып, 14-декабрында аяктады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт