УКМКнын ДНК-лабораториясы бир жыл ичинде 40ка жакын экспертиза жүргүзгөнMKassa жаңы кардарлар үчүн «Үч миллионго нөл» акциясын ишке киргиздиКыргызстанга электрондук тамекилерди ташып келүүгө тыюу салуу дагы жарым жылга узартылатКыргызстандык опера ырчысы Эльнура Муктарбек Москвада эл аралык Bravo сыйлыгына ээ болдуБишкекте 2 млн бир жылдык гүл отургузуу иштери башталдыКаржы министрлиги «Электрондук аудитке» өттү: текшерүүлөр аралыктан жана автоматтык түрдө жүргүзүлөт
Алматыда Мирбек Атабековго “Борбор Азиянын жылдызы” сыйлыгы тапшырылды (видео)
19.12.2023 | 17:14
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, атактуу ырчы Мирбек Атабековго Казакстандын Алматы шаарында “Борбор Азиянын жылдызы” сыйлыгы тапшырылды.
Аталган наам Атабековго Казакстандын «Кызык Times» телеберүүсүнүн жыл аягындагы сыйлык берүү аземинде тапшырылды.
Атабеков “Борбор Азиянын жылдызы” сыйлыгын алгач ирет алып жаткан айтып, боордош элге ыраазычылыгын билдирди.
“Чоң рахмат. Мен Кыргызстанда да мындай наамды ала элекмин, эч ким бере элек”, – деген ырчы сыйлыкты Алматыда алып жатканына кубанычта экенин айтты.
Иш-чаранын алып баруучулары Казакстандагы атактуу ырчылар Мирбек Атабековдун ырларын аткарып жүргөнүн белгилеп өтүштү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом