Ошто окуучулар милициянын иши менен таанышты

Ошто окуучулар милициянын иши менен таанышты

Ош облусунда мектеп окуучулары үчүн «Менин милиция болгум келет» аталышында иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Анда мектеп окуучулары ички иштер органдарынын образын жараткан сахна оюндарын аткарып, милиция кызматкерлеринин бейнесин ачып берген.

«Окуучулар райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратына барып, ички иштер органдарынын иштөө тартиби менен таанышып чыгышты. Мектеп окуучуларына милициянын күнүмдүк иши жөнүндө маалымат берилип, убактылуу кармоочу жайлар көрсөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Иш-чара өсүп келе жаткан муунду укуктук жактан билимин өркүндөтүү, мекенчилдикке, адилеттүүлүккө тарбиялоо жана милиция кесиби тууралуу кеңири маалымат жеткирүү максатында уюштурулган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>