Исламабадда Кыргызстан–Пакистан бизнес-форуму өттүАйнекти караңгылатуудан жана «өзгөчө» номерлерден түшкөн акча унаа каттоо системасын жаңылоого жумшалатКыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү борбору түзүлөтВенада Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн тышкы саясий кызматташтыгы талкууландыБишкекте мас айдоочу эки жол кырсыкка себеп болдуИсламабадда Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти жолугушту
ИИМ: Ошто салыкчы 200 миң сом пара менен кармалды
21.12.2023 | 09:30
Салык кызматынын Ош облусундагы Өзгөн району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, У.К. аттуу салык кызматкери текшерүүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана 700 миң сомдон ашык салык карызын жашыруу үчүн облустун тургунунан 200 миң сом пара талап кылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Салыкчы 20-декабрда 200 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.