Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматта 22-декабрь күнү «Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн топтолуусу катталгандыганы белгиленет. Ага Жамбыл облусунда аба-ырайы убактылуу жакшыргандыгына байланыштуу Кыргызстандан Казакстанга жана башка өлкөлөргө жүк ташуунун агымы кескин көбөйгөндүгү себеп болууда.
Кечээ саат 17:00го карата “Ак-Тилек-автожол” чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 468 жүк ташуучу унаа топтолгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз