Кыргызстанда бир жумада 383 мас айдоочу кармалды
Кыргызстандын аймагында бир жуманын ичинде 383 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.
Маалыматка караганада, 18нен 24-декабрга чейинки аралыкта өлкө аймагында 16 миң 280 жол эрежесин бузуу фактысы катталган.
Анын ичинде рулга тиешелүү документи жок отурган 335 факты катталган.
Андан тышкары:
– автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 64;
– жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 миң 61;
– транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2 мин 342;
– автоээнбаштык — 4;
– ылдамдыктан ашырып айдоо — 3 миң 530;
– жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
– башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 8 миң 558.
Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 1 миң 99 автоунаа айып короосуна киргизилген.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.