Кыргызстанда бир жумада 383 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда бир жумада 383 мас айдоочу кармалды

Кыргызстандын аймагында бир жуманын ичинде 383 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка караганада, 18нен 24-декабрга чейинки аралыкта өлкө аймагында 16 миң 280 жол эрежесин бузуу фактысы катталган.

Анын ичинде рулга тиешелүү документи жок отурган 335 факты катталган.

Андан тышкары:

— автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 64;

— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 миң 61;

— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2 мин 342;

— автоээнбаштык — 4;

— ылдамдыктан ашырып айдоо — 3 миң 530;

— жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 3;

— башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 8 миң 558.

Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 1 миң 99 автоунаа айып короосуна киргизилген.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>