Сузак аймактык оорукансында 6,5 млн сомго кошумча төрт имарат курулду

Сузак аймактык оорукансында 6,5 млн сомго кошумча төрт имарат курулду

Сузак аймактык оорукансында 4 имарат курулуп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, имараттар эл аралык «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун каржылоосунда курулган.

Буга чейин аймактык ооруканада бөлмөлөр жетишсиздиги көйгөй жаратып келген. Мындан улам дарыгерлер эл өкүлү Айбек Маткеримовго кайрылышкан. Сузак аймактык ооруканасында лаборатория, физкабинет жана мечиттин ачылышы болду.

Бул 4 имаратка жалпы 6,5 млн сом каражат жумшалган. 4 ай аралыгында курулуш толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди.

Имараттар Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримовдун демилгеси менен курулду. Эл аралык «Ассанабил» кайрымдуулук фонду 2023-жылы Сузак районунда бир катар мектеп, ФАП, мечиттерди салып, райондогу социалдык көйгөйлөрдүн чечилишине бир катар салым кошкон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>