Быйыл Кытай менен АКШнын ортосунда соода жүгүртүү 14,4%га азайганТашкентте Борбор Азиядагы ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарынын эл аралык конференциясы өттү«Дордой» базарында масштабдуу рейд жүргүзүлдү. Эмнелер аныкталды?Чүйдө сабизден рекорддук түшүм алынды — гектарынан 91 тоннага чейин Кыргыз-жапон кызматташтыгы: Эдил Байсалов жапониялык ишкерлер менен жолугуштуТранспорт министрлиги айдоочуларды дөңгөлөктөрдү алмаштырууга чакырат
Бишкектин эки көчөсү 6-январдан тарта бир тараптуу болот
04.01.2024 | 21:03
Бишкектин Үмөталиев жана Турусбеков көчөлөрү 6-январдан тарта автокаттам үчүн бир тараптуу болуп өзгөрөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы эреже менен төмөнкүдөй кыймыл киргизилет:
Турусбеков көчөсүндө Москва көчөсүнөн тарта Жибек Жолу проспектине чейин түштүктөн түндүк тарапты көздөй жүрөт;
Үмөталиев көчөсүндө Жибек Жолу проспектинен тарта Москва көчөсүнө чейин түндүктөн түштүккө карай жүрөт.
Буга чейин борбор калаанын Гоголь жана Сүйүмбаев көчөлөрү автокаттам үчүн бир тараптуу болгон. Жалпысынан сегиз көчөдө жүрүү кыймылын өзгөртүү пландалган. Бул автоунаа тыгындарынан арылтуу жана каттамдарды жакшыртуу максатында жасалууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар