Парламент эки аял алууну мыйзамдаштыруу демилгеси боюнча билдирүү таратты

Парламент эки аял алууну мыйзамдаштыруу демилгеси боюнча билдирүү таратты

Жогорку Кеңеште эки же андан ашык аял менен расмий никеге турууга уруксат берүүгө багытталган мыйзам долбоору сунушталган эмес. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Жайыл Русланов билдирди.

Анын айтымында, мыйзам чыгаруу органынын кароосунда мындай максаттагы мыйзам долбоору жок.

«Социалдык тармакта тарап жаткан маалыматтар чындыкка жатпайт. Андыктан, демилгеленбеген мыйзам долбоору боюнча коомчулукту дүрбөлөңгө салуудан алыс болууга чакырабыз. Туура эмес маалыматтарды жайылтып, жалпы элди козуткандардын да мыйзам алдында жоопкерчилиги бар экенин эскертебиз», — дейт Жайыл Русланов.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш гана мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоо киргизип, жаңы мыйзам долбоорун кабыл ала алат.

Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесине (Эки жана андан көп аял алуу) ылайык Кыргызстанда эркектин эки жана андан көп аял менен чогуу жашоосуна тыюу салынат. Ал үчүн 100-300 саатка коомдук иштерге же 1-3 жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартуу же 50-100 миң сомго чейин айып салуу жазасы каралган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>