Кыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалдыBinance’тагы хакердик чабуулдан кийин жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталдыБир нече айга гана жетти: Айтматов — Толстой көчөлөрүндөгү жаңыланган каптама түшүп жатат
Ирандагы жардырууда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок
04.01.2024 | 19:56
Ирандагы жардыруудан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ирандын түштүк-чыгышындагы теракттан 103 киши каза болуп, 188 киши жарадар болгон, алардын көбүнүн абалы оор.
Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Ирандагы элчилиги өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар менен дайыма байланышта экенин белгиледи.
Элчиликте шашылыш телефон номери бар, ал жерден Иранда жүргөн Кыргызстандын жарандары керек болсо жардам же кеңеш ала алышат: +982122830354 жана +989352505226.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар