Бишкекте бир тараптуу боло турган сегиз көчөнүн тизмеси

Бишкекте бир тараптуу боло турган сегиз көчөнүн тизмеси

Бишкек шаарынын көчө-жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында мурда макулдашылган бир тараптуу жана эки тараптуу кыймыл схемасына айрым өзгөртүүлөр киргизилет.

Мэриянын маалыматына караганда, сегиз көчө бир тараптуу болои жана  автоунаалардын кыймылына өзгөртүү 8-январдан тарта киргизилет.

Бир тараптуу боло турган көчөлөр:

— Турусбеков көчөсү. Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин (түштүктөн түндүккө);

— Үмөталиев көчөсү. Жибек Жолу проспектинен Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);

— Калык Акиев көчөсү. Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин (түштүктөн түндүккө);

— Тыныстанов көчөсү. Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаевге чейин (түндүктөн түштүккө);

— Раззаков көчөсү. Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);

— Орозбеков көчөсү. Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин (түштүктөн түндүккө);

— Гоголь көчөсү. Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);

— Сүйүнбаев көчөсү. Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин (түштүктөн түндүккө).

Ал эми Кулатов көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Логвиненкого чейинки бөлүгү жана Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүктөрү эки тараптуу болору айтылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: көчө мэрия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>