“Апрель революциясынын баатырларынын” жөлөк пулу көбөйдү

09.01.2024 | 12:18

“Апрель элдик революциясынын баатырларына” берилүүчү жөлөк пул көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Аталган категориядагы жарандар буга чейин 3 миң 700 сом алышса, эми 4 миң 500 сом алат.

Министрлик маалыматында, жөлөк пул 411 адамга берилет.

Алардын 194ү –  18 жашка чейинки балдар, 215и – майыптыгы бар адамдар жана аталган окуяда каза болгон эки жарандын ата-энеси.

Белгилей кетсек, 2021-22-жылдары чек арада каза болгон жарандардын үй-бүлөсү дагы “Апрель элдик революциясынын баатырларына” берилүүчү жөлөк пулду алышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top