Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Казакстандан ташылып келаткан 22 тонна беде үрөнү артка кайтарылды
10.01.2024 | 21:17
Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдовар” постунда Казакстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 22 тонна беде үрөнү аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өлкө аймагына ташып кирүүдө карантиндик-фитосанитардык талаптарды бузуу менен ташылып келе жаткан жүк Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан аныкталган.
Текшерүүдө фитосанитардык сертификатта камтылган маалыматтар транспорттук (ташуучу) документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиктен, фитосанитардык сертифкат жараксыз деп таанылып, жүк кайра артка кайтарылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар