Кыргыз басмаканалары Москвадагы эл аралык сынакта жеңүүчү болушту

Кыргыз басмаканалары Москвадагы эл аралык сынакта жеңүүчү болушту

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Москвада өткөн эл аралык “Китеп искусствосу” сынагында жеңүүчү болгон кыргыз басмаканаларынын өкүлдөрү менен жолугуп, аларга эл аралык сынакта алган сыйлыктарын тапшырып, жеңүүчүлөрдүн ишине ийгилик каалады. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Белгилесек, 2023- жылдын аягында Россиянын Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлиги ХХ Эл аралык “Китеп искусствосу» сынагын уюштуруп өткөргөн. Сынакка КМШга мүчө мамлекеттерден 49 басылма сунуш кылынган.

Кыргызстандан катышкан басмаканалардын ичинен “Евразия элдеринин айтуучулары» аттуу китеби үчүн «Турар» басмасы “Диалог культур” номинациясы боюнча I даражадагы диплом, “Аңгемелер, КМШ өлкөлөрүнүн азыркы адабиятынын антологиясы” китеби үчүн “Улуу Тоолор” басмасы “Шериктештик” номинациясы боюнча I даражадагы диплом менен сыйланган.

Ал эми «AG 5P» басмасы Д.Ухинанын “ХХ кылымдагы сүрөтчүлөрдүн иштериндеги Кыргызстандын искусствосу: живопись, графика, скульптура, керамика” китеп каталогу үчүн «Арт-китеп» номинациясы боюнча II даражадагы дипломуна, «St.Art Ltd» басмасы А.Козубекованын “Шахмат дүйнөсү” китеби үчүн “Балдар жана өспүрүмдөр үчүн китептер” номинациясы боюнча III даражадагы дипломуна татыктуу болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>