Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Видео: Бишкекте үй салган компания ботаникалык бакчанын жерине өтүп кеткенби?
11.01.2024 | 11:55
Бишкекте тургундар мамлекеттик органдарды Горький менен Кара-Көл көчөсүндөгү ботаникалык бакчанын жанында көп кабаттуу үйдү салып жаткан компания жашыл зонанын аймагында дагы курулуш иштерин жүргүзүп-жүргүзбөгөнүн текшерип берүүнү суранат. Бул боюнча алар Reporter.kg’ге кайрылды.
Алардын айтымында, Кара-Көл көчөсү 2а дарегинде былтыр көп кабаттуу үй салына баштаган. Турак жай тургузулуп жаткан жер Горькийдеги ботаникалык бакчага жанаша турат. Компания курулуш иштерин бакчанын түндүк-чыгыш тарабына өтө жакын жүрүзүүдө.
“Ошондуктан курулуш компаниясы ботаникалык бакчанын жерине өтүп кетип, курулуш жүргүзүп жатабы деп чоочулоодобуз. Жашыл зонага ушунча жакын салууга болобу? Мамлекеттик органдар текшерип көрсө”, – дейт алар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом