ЕАЭБ жана АСЕАН алгачкы ирет деңиз аркылуу жүк ташуу тажрыйбасы менен алмашыштыТоктогулда 30 гектар кайрак жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулдуЖогорку Кеңештин агрардык комитетинин төрагалыгына Кубанычбек Самаковдун талапкерлиги каралатАкыйкатчы институту №27 абакта соттолгондор үчүн орундар жетишсиз экенин билдирди. ЖАМК мунун четке кактыӨзбекстанда кургакчылык менен күрөшүү үчүн Айыл чарба илимдер академиясы түзүлдүБишкекте венгер түркологуна мемориалдык такта орнотулат
“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясы токтоду
12.01.2024 | 17:29
“Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы мындан ары ойнотулбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Анын ордуна башка акция башталат. Ал аркылуу дагы байге утуп алууга мүмкүн болот.
Салык кызматы жарандарды товар же кызмат сатып алган сайын кассалык чектерди талап кылууга жана чогултууга чакырат.
Эскерте кетсек, 2023-жылы Салык кызматы лотереянын эки этабын өткөрүп, анын жүрүшүндө 2376 баалуу байге ойнотулган. Алардын ичинен 10 батир, 20 электромобиль жана 6 чет өлкөгө жолдомо берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом