11-класстын бүтүрүүчүлөрү коллеждерге тапшыруу үчүн ЖРТдан өтүшү керекДастан Бекешев дипломаттарды ротациялоодо окуу жылын эске алууну сунуштадыКудрет Тайчабаров үй камагына чыктыТИМ мамлекеттик протокол тууралуу мыйзамды жаңылоону сунуштоодоСадыр Жапаров Сауд Арабиянын элчисин кабыл алдыКара-Сууда жол кырсыгы болуп, үч айыл өкмөт башчысы каза болду
Мыйзамсыз күйүүчү май ташыгандар кармалды
28.06.2019 | 15:45
Таластагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекетинен 1 тоннага жакын күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бараткан 27 жана 57 жаштагы Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына ылайык, Казакстандан келе жаткан “Мерседес” жана “MAN” үлгүсүндөгү оор жу ташуучу унаалар чек арачылар тарабынан токтотулган. Унааларды текшерүүгө алганда, тийиштүү эч кандай документтери жана акциздик маркасы жок 800 литрден ашык күйүүчү май табылган.
Топтолгон материалдар мыйзамга ылайык каттоого алынып, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар