Жылдын башкы интригасынын көшөгөсү ачылды: MBANK’тан ким батир утуп алды?«Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курула турган маданий борбор кандай болотБШК Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановду мандатынан ажыраттыЕЭК жана Россиянын Транспорт министрлиги темир жол контейнердик ташууларын санариптештирүүгө киришип жатат2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ ичиндеги өз ара соода 95 млрд долларга жеттиБишкекте кыздарды баңгизат колдонууга азгырууга шектелген жаран кармалды
Жалал-Абадда 5 жаштагы кыз октон жараланып ооруканага түштү
18.01.2024 | 15:45
Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айыл аймагында 6 жашар бала тир мылтыгы менен ойноп жатып, 5 жаштагы кызды кокустан атып алды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге облустук ички иштер башкармалыгынан ырасташты.
Окуя 17-январь күнү саат 16:52дө болгон. Ок кыздын жоон жана ичке ичегисинин бир нече жеринен тешип кеткен. Ага областтык оорукананын хирургия бөлүмүндө операция жасалды, абалы туруктуу.
Милициянын маалыматында, мылтыктан ок чыгарган бала жараланган кыздын тайкесинин уулу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз