Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Жалал-Абадда 5 жаштагы кыз октон жараланып ооруканага түштү
18.01.2024 | 15:45
Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айыл аймагында 6 жашар бала тир мылтыгы менен ойноп жатып, 5 жаштагы кызды кокустан атып алды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге облустук ички иштер башкармалыгынан ырасташты.
Окуя 17-январь күнү саат 16:52дө болгон. Ок кыздын жоон жана ичке ичегисинин бир нече жеринен тешип кеткен. Ага областтык оорукананын хирургия бөлүмүндө операция жасалды, абалы туруктуу.
Милициянын маалыматында, мылтыктан ок чыгарган бала жараланган кыздын тайкесинин уулу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз