Россиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады«Кыргызкөмүр» 2025-жылы боюнча 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөн
Фехтование боюнча өспүрүмдөр курамасы Азия кубогунда алтын утту
22.01.2024 | 15:20
Кыргызстандын фехтование боюнча өспүрүмдөр курамасы Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия кубогунда 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Дубайдагы Азия кубогунда командалык оюндарда Барсбек Райымбеков, Даниил Лепихов жана Рустам Исламов алтын байгеге татып, Кыргызстандын туусун желбиреткен.
Мелдеш 19-21-январь күндөрү болуп өткөн. Курама команда машыктыруучу Даанышман Жумабай уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.
