Базар-Коргон — Кызыл-Үңкүр жолу үч жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй келетКыргызстанда күздүк дан өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү сатыкка чыктыБишкектеги орус театрында Вячеслав Виттихтин «Өлүк жандар» спектакли көрсөтүлөтОшто жергиликтүү дыйкандар менен өндүрүшчүлөрдүн «Түштүк Экспо-2026» жарманкеси өтүүдө«Батыш ишеним кризисине кабылды» — ЕАЭБдин товардык-чийки зат биржасынын башчысы«Тазалык» ишканасына 22 даана атайын техника тапшырылды
Фехтование боюнча өспүрүмдөр курамасы Азия кубогунда алтын утту
22.01.2024 | 15:20
Кыргызстандын фехтование боюнча өспүрүмдөр курамасы Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия кубогунда 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Дубайдагы Азия кубогунда командалык оюндарда Барсбек Райымбеков, Даниил Лепихов жана Рустам Исламов алтын байгеге татып, Кыргызстандын туусун желбиреткен.
Мелдеш 19-21-январь күндөрү болуп өткөн. Курама команда машыктыруучу Даанышман Жумабай уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.
