Ошто милицияда 34 жыл иштеген Шермамат Дурсункулов ардактуу эс алууга чыкты

Ошто милицияда 34 жыл иштеген Шермамат Дурсункулов ардактуу эс алууга чыкты

Ош облусунда ички иштер органдарында 34 жылдан ашык убакыт иштеген милициянын полковниги Шермамат Дурсункулов ардактуу эс алууга чыкты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Шермамат Дурсункулов ардактуу эс алууга узатуу салтанаты бүгүн, 22-январда өткөн. Иш-чарага облустук милициянын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков, Ардагерлер кеңешинин тѳрагасы Курсан Камчиев, өздүк курам жана Дурсункуловдун туугандары, уул-кыздары  катышкан.

Иш-чарада Жоробеков сөз сүйлөп, Шермамат Дурсункуловго ийгилик каалаган.

«Бүгүн биз ардактуу эс алууга узатып жаткан кызматкерибиз дээрлик 34 жылдан ашуун убакыттан бери өзүнүн билимин, жаштыгын, күч-кубатын, өмүрүн кыргыз милициясына арнап, чын дилден кызмат кылды. Ал үй-бүлөсүнөн, жеке турмушунан да  кызматын биринчиликке коюп, өзүнө коюлган тапшырмаларды так аткарды.

Бүгүнкү салтанаттуу күн кесиптешибиздин кесипкөйлүүлүгүнүн, чыдамкайлыгынын жана өз кызматына берилгендигинин далили десек болот. Мамлекет алдында берген антыңызга бекем туруп, кыргыз милициясы жана элибиздин тынчтыгы үчүн ак кызмат кылганыңызга терең ыраазчылык билдирем», — деди ал.

Ардактуу эс алууга кетип жаткан кызматкерге өздүк курамдын атынан баалуу белектер тапшырылып, жубайына ИИМдин Ардагерлер кеңеши тарабынан «Мээримдүү айым»  төш белгиси ыйгарылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>