Мигранттар каздай баскан видео боюнча парламент Мамдумага кайрылат

Мигранттар каздай баскан видео боюнча парламент Мамдумага кайрылат

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук жана миграция иштери боюнча комитети Орусиянын Мамлекеттик думасына Екатерингбургдагы окуя боюнча кайрылат. Бул тууралуу парламенттик комитеттин жетекчиси, депутаты Улан Примов билдирди.

Ал курулушта иштеген мигранттарды текшерүү учурунда адам укугун бузуу болгонун белгилеп өттү.

«Социалдык тармакта таркаган видео боюнча сөзсүк реакция кылыш керек. Биз тийиштүү иш-чараны жүргүзөбүз. Мамлекеттик Думага, андагы тийиштүү комитеттин башчысы Леонид Калашниковго кайрылабыз. Биз ЕАЭБ уюмуна киргенден кийин сый мамиле кылууну талап кылабыз», — дейт Улан Примов.

Белгилей кетсек, Екатеринбург шаарында курулуш тармагында иштеген мигранттарды текшерүү учурунда полиция жумушчуларды кармап, кардын үстүндө каздай басууга мажбурлаган. Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, алардын арасында үч кыргыз жараны болгон.  Алар полицияга каршы арыз жазуудан баш тартышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>