Кыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдүС 2026-жылдан тартып Кыргызстандагы соттор санариптик тартипте иштей баштайтУлуттук Инвестициялар Агенттиги: «Хуа Руй» автоклавдык газобетон заводу ишке берүүгө дээрлик даяр
Бишкекте автобустагы текшерүүчүгө кол салган адам айыпка жыгылды (видео)
06.02.2024 | 11:24
Бишкекте автобустагы текшерүүчүгө кол салган жүргүнчү кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга жүргүнчү автобуста билет, карталарды текшерген кызматкерге кол салганы тартылган видео тараган. Жергиликтүү ММКлар жазгандай, кол салган жүргүнчү башка бир пенсионердин картасын колдонуп жүргөн. Текшерүүчү андан картасын алууга аракет кылганда, жүргүнчү ага кол салган. Андан кийин качып кеткен.
Бул окуяга байланыштуу 63 жаштагы Л.К. аттуу жаран кармалып, милицияга жеткирилген. Ага “майда бейбаштык” беренеси боюнча 5,5 миң сом айыппул салынган. Ошондой эле ал менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.