Кыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалдыМанас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулдуАла-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурлар
Күчөтүлгөн режим, түнкү нөөмөт. Шаардын алдыдагы суукка даярдыгы кандай?
16.02.2024 | 11:07
Бишкек ЖЭБинде абал турукташып, шаарга жылуулук үзгүлтүксүз берилет. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Муниципалитет энергетикалык объекттердин баары штаттык режимде иштеп жатканын маалымдайт.
Шаардагы ишканаларда күчөтүлгөн режимде нөөмөт уюштурулат. Андан тышкары, социалдык объектилер жана алардагы жылуулук режими көзөмөлгө алынат.
Мэрия коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштерин убадалады.
“Тазалык” муниципалдык ишканасына жолдорду жана тротуарларды кардан жана муздан тазалоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү тапшырылды.
Белгилей кетсек, 17-18-февралда абанын температурасы төмөндөйт, айрым аймактарда -25 градуска чейин суутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом