УКМК: 8,5 жыл мурдагы адам өлтүрүү кылмышынын бети ачылды (видео)

УКМК: 8,5 жыл мурдагы адам өлтүрүү кылмышынын бети ачылды (видео)

Жалал-Абаддын Сузак районунда 2015-жылы жасалган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, 2015-жылы 3-сентябрда Кыр-Жол айылында 1971-жылы туулган М.К. аттуу жаран киши колдуу болгон. Бул факт боюнча “адам өлтүрүү» беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Бул ишти 8 жыл тергеген милиция кызматкерлери кылмыштын бетин ача алган эмес.

Инисинин өлүмүнө күнөөлүүлөр табылбай жаткандыктан, маркумдун туугандары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, тыкыр иликтөө жүргүзүп берүүнү суранган.

Ишти УКМК иликтей баштап, кылмышка шектүүнү аныктаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, алар шектүү катары маркумдун 1989-жылы туулган К.А. аттуу айылдашын кармаган. Ал кылмыш жасаганын мойнуна алып, айылдашын мас абалда, кастыктан улам өлтүргөнүн билдирген.

Шектүү камакка алынган. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>