Кыргызстанга электрондук тамекилерди ташып келүүгө тыюу салуу дагы жарым жылга узартылатКыргызстандык опера ырчысы Эльнура Муктарбек Москвада эл аралык Bravo сыйлыгына ээ болдуБишкекте 2 млн бир жылдык гүл отургузуу иштери башталдыКаржы министрлиги «Электрондук аудитке» өттү: текшерүүлөр аралыктан жана автоматтык түрдө жүргүзүлөтУнаасын оңдоп берем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыТаласта 10 млн сомдук тыюу салынган товарлар ташылып келингени аныкталды
Бишкектеги үйдөн 50 миң сомдук зер буюмдар уурдалган. Шектүү кармалды
16.02.2024 | 15:14
Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 2023-жылы 23-июнда милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, Репин көчөсүндөгү жер тамына уурулар кирип, баасы 50 миң сом зер буюмдарды уурдап кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында быйыл 15-февралда шектүү катары 28 жаштагы З.Ш. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда иликтөө иштери уланууда.