Урмат Абдукаимов футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп дайындалдыФормадагы «Саманчынын жолу»: ДКО үчүн Кыргызстандын курама командасынын образдары кантип жаратылганКыргызстандыктардын жашоосун өзгөртө турган ШКУнун 5 долбоору — экономисттин пикириБишкекте үч кытай тасмасы акысыз көрсөтүлөтЫсык-Көлдөгү тынчтык жана психологдор: депутат Сурабалдиева кандай маселелерди көтөрөтКазакстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды: беш партия Курултайга өттү
Бишкектеги үйдөн 50 миң сомдук зер буюмдар уурдалган. Шектүү кармалды
16.02.2024 | 15:14
Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 2023-жылы 23-июнда милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, Репин көчөсүндөгү жер тамына уурулар кирип, баасы 50 миң сом зер буюмдарды уурдап кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында быйыл 15-февралда шектүү катары 28 жаштагы З.Ш. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда иликтөө иштери уланууда.