“Манас” аэропортунда оңдоо иштеринен улам жол кыймылына чектөө киргизилдиБишкектеги түтүнгө каршы күрөш — ЖЭБде күкүрттү тазалоо системасы ишке киргизилдиБажыдагы мыйзамсыз айыптар: прокуратура 19 токтомду жокко чыгардыСаламаттык сактоо министринин орун басары Тез жардам борборундагы санариптик технологиялар менен таанышты«Улуу Алтай» борборунун археологдору Кыргызстанда казуу иштерин жүргүзүшөтЭрнисбек Ормоков: Манас шаарын борборго айлантууга даярдык жетишсиз
Кайрылмандар да мүлктөрүн мыйзамдаштырышы керек
21.02.2024 | 09:06
Экономика жана коммерциялык министрлиги “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам кимдерге тиешелүү экенин билдирди.
Мыйзамга ылайык:
- Кыргызстандын жарандары;
- жашоого уруксаты бар адамдар;
- кайрылмандар мүлктөрүн мыйзамдаштырышы керек.
Министрлик кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, банктык эсептердеги акча каражаттары, өлкөдө жана чет өлкөлөрдө накталай акча, баалуу кагаздар, виртуалдык активдер, Кыргызстандагы коммерциялык уюмдардын жана же чет өлкөлүк уюмдардын уставдык капиталындагы жана мүлкүндөгү үлүштөр мыйзамдаштырылышы керектигин белгилейт.
Белгилеп кетсек, активдер 2023-жылдын 1-январына чейин алынышы керек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом