Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Кыргыз балдары эл аралык олимпиада 17 медаль утту. Алар кайсы мектептин окуучулары?
22.02.2024 | 10:36
Кыргызстандын 17 мектеп окуучусу биология боюнча британ (British Biology Olympiad 2024) олимпиадасында 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Аталган жарышка дүйнө жүзү боюнча миңден ашуун мектептен 15 миң өспүрүм катышты.
Белгилей кетсек, 17 медалдын 12исин “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары алышты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
- Данияр Гаипов, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класстын окуучусу – алтын медаль;
- Арген Ишеналиев, Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясы, 11-класстын окуучусу – алтын медаль;
- Азирет Анварбеков, Х.Карасаев атындагы Каракол лицейи, 11-класстын окуучусу – алтын медаль;
- Нурсултан Увалиев, Х.Карасаев атындагы Каракол лицейи, 10-класстын окуучусу – алтын медаль;
- Дмитрий Рубан, Бишкек шаарындагы №65 экологиялык-экономикалык лицейи, 9-класстын окуучусу – алтын медаль;
- Байзак Карыпжанов, “Манас-Ата” Талас лицейи, 11-класстын окуучусу – алтын медаль;
- Рахман Марат уулу, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класстын окуучусу – күмүш медаль;
- Айбийке Базарбаева, Бишкек шаарындагы United World International School, 11-класстын окуучусу – күмүш медаль;
- Дамир Маджунов, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класстын окуучусу – күмүш медаль;
- Али Эшматов, Жайыл баатыр атындагы лицей, 11-класстын окуучусу – күмүш медаль;
- Омурбек Русланбеков, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класстын окуучусу – күмүш медаль;
- Алихан Жуссипахмет, Бишкек шаарындагы QSI, 9-класстын окуучусу – күмүш медаль;
- Нурбол Акматалиев Бишкек шаарындагы American-European School, 10-класстын окуучусу – коло медаль;
- Элхан Акимов, Жайыл баатыр атындагы лицей, 9-класстын окуучусу – коло медаль;
- Мелита Самиева, “Айчүрөк” Бишкек кыздар лицейи, 11-класстын окуучусу – коло медаль;
- Мухтадил Хамитжанов, И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи, 9-класстын окуучусу – коло медаль;
- Алмамбет Абдылдаев, Кант шаарындагы Д.П.Зубков атындагы №1 жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясы, 11-класстын окуучусу – коло медаль;
Рубрики: Жаңылыктар, Коом