УКМК медайымды сабоого шектелген аялды кармады

УКМК медайымды сабоого шектелген аялды кармады

Бишкектеги Улуттук госпиталда медайымды сабоого шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКнын маалыматы боюнча, аларга Медайымдар ассоциациясы тарабынан медайымды сабаган Б.А. аттуу аялга чара көрүү тууралуу кайрылуу түшкөн.

Тергөө аныктагандай, 19-февралда С.А. аттуу медайым оор абалдагы бейтапты таңуу жүргүзүү үчүн анын тууганы Б.А.ны палатадан чыгып туруусун бир нече ирет суранган. Бирок ал эскертүүнү терс кабыл алып, медайымды эч себепсиз сабаган.

Медайымдын башы көгөрүп, боюнда бар болгондуктан боюнан түшүү коркунучу менен ооруканага жаткырылган.

Бул окуяга байланыштуу УКМК 280-берене (бейбаштык) боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүү катары кармалган Б.А. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

УКМК мамлекеттик кызматкерлердин коопсуздугун коргой турганын жана аларга кол көтөрүүгө жол берилбеши керектигин белгилейт. Ал эми ага барган адамдарга карата мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Медайымдын сабалышы боюнча милиция териштирүү жүргүзүүдө

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>