Ысык-Көлдө өзүн атып алып, тоодо калган жаранды милиция куткарды (видео)

Ысык-Көлдө өзүн атып алып, тоодо калган жаранды милиция куткарды (видео)

Ысык-Көл облусунда милиция октон жараат алып, тоодо калып калган жаранды куткарды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-февралда болжол менен саат 19:20да Тоң райондук милициясына аймактык ооруканадан «тоо тарапта Көк-Бел жергесинде октон жараат алган адамга жардам керек» деген маалымат түшкөн. Медиктер билдиргендей, аларга эркек киши чалып, жарадар экенин жана ээн жерде жатканын кабарлаган. Андан кийин байланыш үзүлүп калган.

Кабар түшөрү менен милиция кызматкерлери издөө иштерине чыккан. Издөө иштерине ӨКМдин жана медицина кызматкерлери тартылган.

Эки саатка созулган издөө иштеринин натыйжасында Тоң райондук милициянын кызматкерлери Акжол Самыйбек уулу менен Адилет Темирканов жарадар жаранды табышкан. Ал Бөкөнбаев айылынын 45 жаштагы тургуну Мирбек Кошчиев болуп чыккан. Мирбек Кошчиев кан жоготуп, суукта оор абалда жаткан. Окуя жеринде мылтык да табылган.

Милиция кызматкерлери ага биринчи жардам көрсөткөн. Андан кийин аны жонуна көтөрүп, дээрлик 3 чакырымдай жолду басып өтүп, тез жардам унаасы бара ала турган жерге чейин алып келишкен. Жарадар адам ээсин жоготпошу үчүн милиционерлер ал менен жолду катар сүйлөшүп келишкен. Анын айтымында, ал Көк-Бел жергесинде топоздорду багат. Ошол күнү да топоздорго көз салып жүргөн. Бир учурда кардан тайып кетип, кокустан өзүн мылтык менен оң бөйрөк тушуна атып алып, эсин жоготуп койгон. Эсине келгенден кийин “112” кызматына чалып, окуя тууралуу айтып калууга жетишкен. Андан кийин байланыш үзулүп калган.

Милиция кызматкерлери жарадар адамды тез жардам кызматына өз убагында жеткирип, медиктер ага тиешелүү жардам көрсөтүп, ооруканага жеткирген. Учурда анын абалы турукту.

Аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>