Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Парламенттин VI чакырылышынын эки депутаты жазында камакта болот
26.02.2024 | 12:48
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Беш-Сары” соода түйүнүнүн негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев 2 айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Ал салык төлөөдөн качууга жана алдамчылыкка шектелип, 21-февралда кармалган. Сот аны 19-апрелге чейин абакта кармоо чечимин чыгарды.
Парламенттин VI чакырылышынын дагы бир депутаты Жаныбек Бакчиевдин дагы бөгөт чарасы каралып, анын камоодогу мөөнөтү 23-мартка чейин узартылды.
Белгилей кетсек, Жаныбек Бакчиев Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча баңгизатты таркатуу үчүн аны жасоого шектелүүдө.
Аны УКМК октябрь айында кармаган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом