Мурдагы депутат салык төлөөдөн качууга жана алдамчылыкка шектелүүдө

Мурдагы депутат салык төлөөдөн качууга жана алдамчылыкка шектелүүдө

«Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ал салык төлөөдөн качууга жана алдамчылыкка шектелүүдө.

УКМКнын маалыматында, «Беш-Сары» ЖЧКсынын администрациясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келген.

“Ижара келишимин түзүүдө формалдуу түрдө төмөндөтүлгөн сумма белгиленген, ал эми  иш жүзүндөгү наркы расмий түрдө көрсөтүлгөндөн бир нече эсе жогору болгон. Реалдуу баанын өлчөмү соодагерлер үчүн сезилээрлик деңгээлде байкалып, бул базарда сатылып жаткан товарлардын кымбатташына да алып келген”, — деп айтылат маалыматта.

«Беш Сары» базарында 1 соода түйүнү үчүн 16 миң 100 сом төлөнөт, бирок келишим боюнча төмөндөтүлгөн сумма – 9 миң 600 сом деп көрсөтүлүп турат. Ал эми  фискалдык органдар үчүн отчеттук документтерде ижара акысы – 4800 сом.

Камчыбек Жолдошбаев 21-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>