БШК Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныдыКыргызстанда жашоо минимуму 9 290 сомго чейин өстү«Түндүк» тиркемеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы 17–18-апрелде ишин убактылуу токтототЖасалма акчалар менен телефондорду алып-сатып жүрүшкөн. УКМК траснулуттук кылмыштуу топту кармадыУЭТК кышка чейин 760 чакырым жаңы кабелдерди тартып чыгатЕвропа биримдигинде интернетке кирүүгө курактык чектөө киргизилет
Лицензиялык мелдеш: Дагы эки мушкер 1/16 финалга чыкты
06.03.2024 | 09:35
Кыргызстандык боксчулар Сыргак Абдыжапар уулу жана Мирзохид Имамназаров Италиядагы Дүйнөлүк биринчи олимпиадалык квалификациялык мелдештин 1/16 финалына чыкты. Бул тууралуу спорттук журналист Тахир Гафуров билдирди.
71 кг салмакта күч сынашкан Сыргак Абдыжапар уулу 1/32 финалдагы биринчи беттешинде сейшелдик мушкерди, Мирзохид Имамназаров 63,5 кг салмакта нигериялык боксчуну жеңди.
Эми 1/16 финалда Абдыжапар уулу хорватиялык, ал эми Имамназаров косоволук мушкер менен кез келет. Беттештер 7-мартта өтөт.
Эскерте кетсек, буга чейин дагы бир кыргызстандык мушкер Өмүрбек Бекжигит уулу лицензиялык беттештин 1/16 финалына чыккан. Анын таймашы 8-мартта өтөт.
Лицензиялык мелдеш: Боксчу Бекжигит уулу таймашты жеңиш менен баштады