Кубандык Султаналиев ата жолун жолдоп милиционер болгон

Кубандык Султаналиев ата жолун жолдоп милиционер болгон

Кубандык Султаналиев ички иштер органында 5 жылдан бери кызмат өтөп келет. Ал милиция кесибин тандашына чоң атасы жана атасы түрткү болгон.

Кубандык Султаналиев

ИИМден белгилешкендей, Кубандык Султаналиевдин атасы Бакытбек Султаналиев 36 жыл милицияда кызмат өтөп, катардагы сержанттан баштап милициянын подполковниги атайын наамына чейин жетип, ардактуу эс алууга чыккан. Ал учурда уулу Кубандыкка тажрыйбасы жана акыл-насааттары менен бөлүшүп, өз антына бекем болуп, эл үчүн кызмат кылууга багыт берип келет.

Бакытбек Султаналиев

Бакытбек Султаналиевдин атасы Бешкемпир Султаналиев да укук коргоо органдарында иштеген. Ал өз үй-бүлөсүндө милиция кызматкерлеринин династиясынын түптөлүшүнө түрткү болгон.

Бешкемпир Султаналиев

Чоң атасы менен атасынын жолун жолдогон Кубандык Султаналиев Токтогул районундагы Терек-Суу айылдык милиция бөлүмчөсүндө милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кызмат өтөйт.

Терек-Суу — Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы айыл. Ал Кетмен-Төбө айыл аймагынын курамына кирет. Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн тейлеген аймагында эки айыл өкмөттү камтып, калкынын саны 16 миңден ашуун түтүндү түзөт.

«Милиция – бул үй-бүлө үчүн жүрөк сүйгөн, көңүл жактырган, салтка айланган кесип. Тартип, өзүн туура алып жүрүү тээ илгертен эле бул үй-бүлөдө калыптанып калган көрүнүш.

«Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» декмечи, ким болбосун, кандай кырдаал болбосун жардамга кол сунган сапаты менен айырмаланган ата-уул Султаналиевдер, атасы жумушта ордун тапкан, талапты катуу койгон инсан болсо, уулу тартипке көнгөн адам. Ал эми эр жигит мырзалар үй-бүлөдө мээримдүү ата, камкор жолдоштор», — деп белгилейт ИИМ.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>