Адылбек Касымалиев жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктадыКыргызстанда мигранттарды ишке орноштуруучу агенттиктер лицензиялоо тартибине өткөрүлөтТалас облусунда 320 млн сомго 300 гектарлык органикалык агрокомплекс ачылдыОш шаарында борбор азиялык сүрөтчүлөрдүн «Jai Jai» көргөзмөсү өтөтЖарандык авиация күнүнө карата «Манас» аэропортунда масштабдуу иштер аяктадыБишкекте дем алыш күндөрү жана кечки убакта жеке унааларга автобус тилкелери менен жүрө алышат
Лицензиялык мелдеш: Дагы эки мушкер 1/16 финалга чыкты
06.03.2024 | 09:35
Кыргызстандык боксчулар Сыргак Абдыжапар уулу жана Мирзохид Имамназаров Италиядагы Дүйнөлүк биринчи олимпиадалык квалификациялык мелдештин 1/16 финалына чыкты. Бул тууралуу спорттук журналист Тахир Гафуров билдирди.
71 кг салмакта күч сынашкан Сыргак Абдыжапар уулу 1/32 финалдагы биринчи беттешинде сейшелдик мушкерди, Мирзохид Имамназаров 63,5 кг салмакта нигериялык боксчуну жеңди.
Эми 1/16 финалда Абдыжапар уулу хорватиялык, ал эми Имамназаров косоволук мушкер менен кез келет. Беттештер 7-мартта өтөт.
Эскерте кетсек, буга чейин дагы бир кыргызстандык мушкер Өмүрбек Бекжигит уулу лицензиялык беттештин 1/16 финалына чыккан. Анын таймашы 8-мартта өтөт.
Лицензиялык мелдеш: Боксчу Бекжигит уулу таймашты жеңиш менен баштады